Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-июлу №27-28/14
Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын, 2019-жылдын 14-апрелиндеги, №01-7/117 кайрылуусун ишке ашыруу максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине, шайлоочулардын жыйналыштарында сунушталган талапкерлердин тизмеси бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан, Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлердин бекитилген тизмесин киргизүү суралсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |