Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-июлу №27-28/16
Каракол шаарынын мэриясынын үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2019-жылдын 28-июнундагы кир.№01-7/236 карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгынын негизинде үнөмдөлгөн 300 000 (үч жүз миӊ) сом акча каражатын, ММБДге, микроавтобус сатып алууга кошумча каржылоо үчүн бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча (Н.А.Баратова), туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |