Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-июлу №27-28/17
Сахнаны (подиум) колдонуунун шарттарын жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин төрагасы Э.А.Айсаракуновдун маалыматын угуп жана талкуулап, кымбат баадагы сахнанын сакталышын камсыз кылуу максатында жана ККСТКнин материалдык базасын чыӊдоо үчүн, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сахнанын ижара акысы кийинки ставка менен бекитилсин:
-сахнаны шаар ичинде ижарага берүү, бир күнгө – 50 000 сом;
-шаардан сырткаркы жерлерге ижарага берүү, бир күнгө - 100 000 сом;
2. Сахнанын ижара акысын төлөө, Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин кассасы аркылуу жүргүзүлөт.
3. Сахнаны сактоо жана бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, Каракол көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо комбинатына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |