Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-июлу №27-28/18
Каракол шаарына көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун модернизацияланган көп кабаттуу үйлөрдү салганга, инвестициялык долбоорлор жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, аянты 17 ганы түзгөн жер тилкесин, ЖЧК “Аалам Строй” компаниясына, Каракол шаарынын генпланынын негизинде, Карасаев, Гоголь, Тоголок Молдо атындагы көчөлөрү жактан, долбоорлоо жана көп кабаттуу, социалдык - маданий- тиричилик (СМТ) обьектилери бар, турак үйлөрдү куруу үчүн бөлүп берсин:
2. Каракол шаарынын мэриясы:
-“Аалам Строй” ЖЧК компаниясына 17 га жер тилкесин, акысыз негизде өткөрүп берүү үчүн керектүү болгон бардык документтерди даярдасын;
-“Аалам строй” ЖЧК компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Мыйзамдуулугунун негизинде, модернизацияланган көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн, юридикалык келишимди даярдап, түзсүн;
- курула турган көп кабаттуу үйлөрдү суу, электроэнергия, жылуулук жана канализация менен камсыз кылуу үчүн техникалык шарттарды алууга көмөк көрсөтсүн.
3. “Аалам строй” ЖЧК компаниясы милдеттендирилсин:
-долбоорлоо иштерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 Токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Каракол шаарында жерди пайдалануу жана курулуш Эрежелерин, Кыргыз Республикасынын шаар куруу регламентин сактоо менен, генералдык планга, тараптардын өз ара макулдугу менен, өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жүргүзүүгө;
-көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоону, 5 кабаттан кем эмес кылууга;
-курулган социалдык обьектилерди Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүүгө,бул учурда Каракол шаарынын мэриясынын турак-жай комплексиндеги үлүшү, социалдык обьектилерди эсепке алуу менен, экинчи кабаттан бешинчи кабатка чейинки батирлерде 6 пайыздан кем эмес болуш керек,
-Берилген жер тилкесин жана ага жанаша жайгашкан территорияны абаттоого;
4. Карасаев, Гоголь, Тоголок Молдо атындагы көчөлөрү тарабынан берилген 17га жер тилкесинде, 5 кабаттуу үйлөрдүн курулушу 3 жылдын ичинде башталбаса, аянты 17 ганы түзгөн жер тилкеси бир тараптуу тартипте, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, кайтарылып алынат.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (К.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |