Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 37/6
Гүлчө айыл өкмөтүнүн статис-экономисти Г.Ашимованын 2019-жылдын 15-октябрындагы билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн Нарматов, Ысманов, Набережная, Достук, Токтогул, Бөрүбаева, Выглазов, Кызыл-Коргон, Алай, Мадышев, Бөкөнбаев,Нооруз, Кузнечная, Уметалиев, Дароот-Коргон, Дубанаев, ВЛКСМ, Адышев, Курманжан Датка, Исанов, , Ярославль, Г.Ормонова, Б.Саматов, О.Кыдыров, К.Султанов, Белекбаев көчөлөрүнө Жылы-Суу, Кара-Булак, Таш-Короо, Кыркоол айылдарына номер алуу үчүн 100,0 (жүз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү акча каражаттарын мыйзам чегинде бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Жээнбеков Д
|