Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6- чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы
2019-жылдын 06-августу №30-3
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн карамагындагы бош турган муниципалдык жерлердин менчик укугун аныктоо жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн; 19-главасынын; 95-беренесинин; 1-пунктуна жана 24-главасынын; 127-беренесине; негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу маданият үйүнүн түштүк тарабында жайгашкан бош турган муниципалдык менчиктеги аянты 1100 чарчы метр болгон эки бөлөк жер аянты жана Көк-Жар базарынын түндүк чыгыш тарабында жайгашкан муниципалдык менчиктеги 24 чарчы метр жер аянты жергиликтүү бюджеттин эсебине аукцион аркылуу сатылууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси жана мыйзамдуулук боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н.Туманов |