Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын Кезексиз ХХVсессиясы
2019-жылдын 29-августу №39
« Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинен бөлүнгөн акча каражатын жумшоо жөнундө»
Бел-Алды айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Ж.Сартованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл аймагына караштуу, оңдоону талап кылган ички жолдорго оңдоп түзөө иштери жүргүзүлсүн.
2.Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын
Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинен Балдар бакчасын курууга деп
бөлунгөн 3 (үч) млн сом акча каражатынын 1(бир) млн сому
ички жолдорду оңдоп түзөөгө жана башка жумуштарга жумшалсын
3. Бөлүнгөн акча каражатын сарамжалдуу жана аткарган ишин сапаттуу бүткөрүү Бел-Алды айыл өкмөтүнун башчысына милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы жумуштарга бөлүнгөн акча каражатын пайдаланууну көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине тапшырылсын.
5. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ж.Боромбаев
|