Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы №18/1
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө түзүлгөн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясын,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана” Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен райондук статистика комитети жана Бел айыл өкмсөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен Ноокат райондук статистика комитети менен Бел айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Бекитилген келишимде көрсөтүлгөн шарттарды толук аткарууга алуу келишим түзгөн эки тарапка жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | БекботоевТ.М.
|