Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезексиз он сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 23-майы №19/1
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын Бел айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринде аткарылышы тууралуу
2018-2019-окуу жылынын башында айыл өкмөттө жалпы 2064 окуучуга 192 мугалим билим тарбия беришүүдө. 6 мектептин ичинен 3 жалпы билим беруучу орто, 2 тодук эмес орто жана 1 башталгыч билим беруучу мектептер бар. Мындан тышкары 3бюджеттик жана 1жамааттык бала бакча иштеп жатат. Кыргыз Республикасынын “Билим беруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде билим берүү тармагын өнүктүрүү багытында мамлекеттик иш чараларды жетекчиликке алуу менен жалпы билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чындоо багытында бир топ алгылыктуу иштер аткарылууда.Жалпы билим беруучу мектептерде облустук, райондук, аймактык жана балдар бакчаларында да райондук семинарларуюштурулду. Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасында да Бел айыл өкмөтүнүн билим берүү мекемелери алдынкы орундарды ээлешти.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2015-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары порграммасынын” алкагында Күңгөй башталгыч мектебинин имараттары курулуп 2017-2018- жаңы окуу жылына карай пайдаланууга берилди. Бир тайпалуу “Карлыгач –Каңды” жамааттык балдар бакчасн жаңыдан ачылып, ноябрь айынан баштап иштей баштады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 31-майындагы, Ош облусунун жалпы билим берүү мекемелеринде “Кыргыз Республикасынын билим берүү” мыйзамынын аткарылышы жана окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылууда аткарылып жаткан иштери жөнүндөгү №10-к токтомунун негизиндеги Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 27-июнунда № 45 токтому Бел айыл өкмөтү тарабынан аткарууга алынууда.
Бел айыл аймагында Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектеби Балдарды коргоо уюмунун “Инклюзивдүү балдардын чеберчиликтерин арттыруу“ деген долбоорунун негизинде иш жүргүзүп , бул багытта бир топ алгылыктуу иштерди аткарып жатышат.
Мындан тышкары 2017-2018-окуу жылынын баштапМерсиКо уюмунун каржылоосу менен ашканага тиешелүү эмеректер менен камсыздалыпГ.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектепбинде 1-4-класстарынын окуучуларына жумасына 2 күн ысык тамак берүү аракеттери ишке ашырылды.
Ош шаарындагы мугалимдердин билимин өркүндөтүү институнан ушул күнгө чейин мугалимдер курстук даярдыктан өтүп келишип, өздөрүнүн алган билимдерин мугалимдер арасында “Усулдук кеңешмелерде” жана ”Усулдук бирикмелерде” курстан алган таасирлерин тең бөлүшүп, жайылтышууда. Мындан тышкары ар бир мектептердин ичинде жана мектептер аралык усулдук бирикмелер иштеп, ай сайын өздөрүнүн тажрыйба алмашууларын өткөрүп турушат.
”Манас таануу” интелектуалдык таймашынын райондун аймагына орто мектебинин окуучулары катышышып байгелүү орунду камсыз кылышты.Мелдешке катышууда мектеп администрациясы окуучуларды кошумча адабияттар менен камсыз кылууда чоң жардамын беришкен.
”Суицидге баруунун алдын алуу жана аны болтурбоо” боюнча иш чаралардын планы билим берүү мекемелери тарабынан түзүлүп, бул багытта иштерди жүргүзүү жана бул иш чараны аткарууга жана жетекчиликке алуу тапшырмасы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдерине берилген. Мектептерде бул иш чараны турмушка ашыруу үчүн иштер аткарылып жатат. Мектептерде диний мекемелердин (мечиттердин) имамдары, ЖӨИру, ата-энелер, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте окуучулар менен жолугушуулар уюштурулуп, ар бир окуучу өзүнүн жоопкерчилигин сезүү менен иш жасоосуна карата түшүнүктөр берилген.
Мындан тышкары мектеп директорлорунун тарбиялык иштер боюнча орун басарлары НРБББ тарабынан уюштурулган “Кылмыштуулуктун, укук бузуучулуктун жана зордук зомбулуктун алдын алууда коомчулуктун, ата-энелердин ролу “ деген темадагы семинарга катышышып тажрыйба алмашуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мазмундагы семинар, ии чаралар аймак ичинде да уюштурулду. Окуучулардын билим сапатын көтөрүүдө – окуу китептери менен камсыз болуу чоң мааниге ээ. Окуу китептери менен камсыздоо 92,4 пайыз. Компьютер менен камсыздоо жана интерактивдүү доска аркылуу окутуунун жаңыланган технологияларын сабактарда ийгиликтүү колдонууда.
Бул жылда спорттук көрсөткүчтөр да бир топ ийгиликтер жаратуу менен коштолду. Окуучулардын 68-спартакиадасында Ош облусунун мектептеринин окуучуларынын арасында волейбол, баскетбол боюнча райондун кыздар, балдар командасы, 1-орунду ээлешип ийгиликтер менен кайтып келишти.
Билим берүү тармагында мына ушундай бир топ ийгиликтер менен бирге эле кемчиликтер бар экендигине токтоло кетсек. Бир канча жолу айтылып эскертилгенине карабастан мектеп директорлору мугалимдердин айлык маянасы боюнча түзүлгөн тарификацияны жана табелди мугалимдер каанасына илинген эмес. Мугалимдер сабак учурунда уюлдук телефондорун үнсүз абалда пайдаланышпайт. Сабак мезгилинде телефондо сүйлөшкөндөр кездешет.
Президенттин “Ыйман, адеп жана маданият жылы” боюнча Жарлыгы билим берүү мекемелеринде өз деңгээлинде аткарууга алынды. Мектеп директорлору бул багытта атайын буйруктарды кабыл алып иш-чараларды түзүлүп, аткарылуусункөзөмөлгө алынган. “Ыйман, адеп жана маданият” жылы боюнча Жарлыгы тарбиялык жана класстан тышкаркы иш-чараларда толук кандуу уюштурулду. Аткарылган жумуштар боюнча айыл өкмөтүнө жазуу жүзүндө маалыматтар өз үбагында берилбейт калгандыгы анык.
Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы боюнча да көптөгөн иш чаралар өткөрүлгөн, бирок иш кагаздарынын жүргүзүлүшүшдө кемчиликтер бар.Шылтоолоп, бул боюнча да директорлор тарабынан аткаруу колго алынбаган. Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы Кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине гана эмес баардык мугалимдерге тиешелүү экендигине кайдыгер каралган.
“Кеңеш” орто мектебинде мугалимдердин өз ара сабактарга катышуусу, устаз шакирт алакасы жакшы уюштурулган эмес Окуу бөлүмүнүн башчылары тарабынан усулдук бирикмелердин өтүүсү көзөмөлгө алынбайт. Өтүлгөн ачык сабактарга анализ жазылбай, тиешелүү чечимдер чыгарылбаган. Мугалимдердин күндөлүк сабактарынын пландары окуу бөлүмүн башчылары тарабынан такай текшерилбейт. “Жаш”толук эмес орто мектебинде директордун тарбиялык иштер боюнча орун басары жана класс жетекчилер окуучулардын күндөлүктөрүнө такай көзөмөл жүргүзүшпөйт.
Ошону менен бирге Бел айыл өкмөтүндөгүбилим берүү мекемелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 3-4-беренелеринин талаптарын ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-ноябрындагы № 667 сандуу токтому менен бекитилген “Мектеп жашындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү каттоо тартиби жөнүндөгү” Нускаманын пункттарынын талаптарын аткарууга алууда кемчилдиктерди кетиришкен. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй 1-класска кабыл алынуучу окуучуларды жыл сайын 5 жашында тизмелери айыл өкмөттөрү тарабынан такталуу менен мектеп директоруна берилет. Бул нерсе жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылбайт.
Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн 2016-жылы 11-апрелиндеги бекитилген “Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптардын” №201 токтомунун 6-тиркемесинин негизинде Бел айыл аймагында жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдеринин аткарылышы боюнча текшерилип чыккан учурда төмөнкүлөр аныкталды. “Ой-Талаа” орто мектебинде 2018-2019-окуу жылында жалпысынан 308 окуучу билим алат, анын ичинен 154 окуучу 1-4 класстын окучулары. 1-4 класс окуучуларынын шашке тамагы ашканада уюштурулган, окуучулардын шашке чайын ичүү ашканасыныны тазалыгы начар. Окуучулар смендешип чай ичишет.
“Жаш” толук эмес орто мектебинде балдардын колун жууганга ашканада 2 кол жуугуч орнотулган, суу менен толук камсыз болбойт, самын коюлбаган. Колдонулган идиштер жана эмеректер таза жуулбайт. Анткени идиш жууганга шарт түзүлбөгөн, себеби мектептин аймагына суу киргизилбеген канализация жок. Ашканада коопсуздугу тастыкталган документи жок. Окуу класстарындагы жана коридорлордогу терезелердин ачылуучу форточкалары жок. Мектеп электр тогу менен жылытылат, жылуулук берчүү аппараттын ток өткөргүчү коопсуздалбаган, кышка даярдык начар. Окуу класстарында күнүмдүк жыйноо сапаттуу жүргүзүлбөйт, полдор таза жуулбайт, окуу парталары кездеме менен капталган.Таштандыларды чогултуу үчүн чуңкур каралган. Бул чуңкур мектептин артында жолдун боюнда уюштурулган, бети жабылбаган жана таштандыларды ушул чуңкурда өрттөшөт.
Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинде ашканага суу киргизилген, ористон жетиштүү санда орнотулган. Балдардын колун жуу үчүн ашканада жана дааратканадан кийин толук шарт түзүлгөн. Ашканада коопсуздугу тастыкталган документтери жок азыктар жана сатууга тыюу салынган азыктар сатылат.
Жыйынтыктап айтканда мектептердеги эң оорчундуу маселер кол жуугучтардын санынын аздыгы жана сапатынын начардыгы, окуу класстардын желдетилбегендиги жана тазаланбагандыгы, ашкананы дүкөн катары иштетүүсү болууда. Ошондой эле мектеп окуучуларынын билим сапатын мындан ары да жакшыртуу максатында билим берүү бөлүмү жана агартуу тармагында иштеген мугалимдер чыгармачылык менен иштөөсү керек экендигин айта кетсек болот.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын)он тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” мыйзамынын Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринде аткарылышы боюнча айрым кемчиликтерин эске алуу менен канаатандырлык деп белгиленсин.
2. Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине:
мектеп директорлорунун окуу- тарбия жараянында бекитилген программанын негизинде окутууну толук кандуу жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө;
усулдук окууларды семинарларды дайыма өткөзүп турууну;
мугалимдердин курстук даярдыктан өтүүсүн жана курстан кийики окууларды уюштурууну;
кадрлар менен убагында камсыздоону;
тестке жана предметтик олимпиадага даярдоо ишин жандандырууну;
билим берүү мекемелеринде санитардык нормаларга ылайык бөлмөлөрдү өз мөөнөтүндө желдетип турууну, тарбияланып жаткан балдардын өздүк гигиенасын туура сакталуусун, ашканада тазалыктын болуусун, тыюу салынган азыктарды саттырбоону колго алуу;
кызматкерлерди медициналык кароодон өз убагында өткөрүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүү;
Жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында билим берүү мекемелеринде даярдалып жаткан тамак-аштардын сапаттуу даярдалуусунда санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө
мектеп окуучуларынын олимпиадасында алдыңкы орундардарга жетүү аракетин жана Жалпы Республикалык тестирлөөдө натыйжалуу орундарды камсыз кылуу аракетин ишке ашыруу,
билим берүү мыйзамына ылайык окуу жараянын өз деңгээлинде аткарууда кемчилдиктерге жол бербөө,
балдардын саламаттыгын сактоо үчүн алар менен тыгыз иштеген кызматкерлерди медициналык кароодон өз убагында өткөрүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүү;
3. Айыл аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринде, дарылоо-мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттыкты сактоо боюнча актыларын бекитүү жөнүндөгү” № 201 токтомунун сакталышы такай көзөмөлдүккө алып, санитардык нормаларды сактабай кемчиликтерге жол койгон билим берүү мекемелеринин жетекчилерине чечкиндүү чараларды көрүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” мыйзамынын билим берүү мекемелеринде аткарылышы боюнча жогоруда белгиленген пукттарды так аткарылышын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
5. Бел айыл өкмөтүнүн ФЭББ на жана Бел айылдык кеңешинин депутаттарына:
6. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын 3,16 беренелеринин талаптары, ошондой эле Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-ноябрындагы 667 сандуу токтому менен бекитилген “Мектеп жашындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү каттоо тартиби жөнүндөгү” Нускаманын 1,4,5,8,9,12 пунктарынын талаптары аткарууга алуу өз деңгээлинде жүргүзүү;
билим берүү мекемелеринин имаратын таза таза суу менен камсыздоого жетишип, суу тутүкчөлөрүн орнотуу, өңдоп түзөө иштерин жүргүзүүнү;
жаңыдан мектеп куруу үчүн долбоорлор менен иштөө аракеттерин күчөтүү;
билим берүү мекемелерин нормалдуу жылуулук менен камсыздоону;
балдардын ден-соолугуна коопсуз азыктардан даярдалуучу тамак-аштардын сапатын жакшыртууну;
тазалыктын дайыма сакталышы үчүн самын жана кол жуучтар менен камсыздоону;
окуу материалдык-техникалык базаларын чыңдоо маселесине натыйжалуу аракеттер көрүү менен интернет булактарын толук киргизүү.
Аткарылган иштер боюнча ар квартал сайын жазуу жүзүндө Бел айыл өкмөтүнө билдирүү берүү жагы билим берүү мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин билим берүү,саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Каратаевге .жүктөлсүн.
Төрага | БекботоевТ.М.
|