Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезексиз жыйырманчы сессиясы
2019-жылдын 28-августу №20-3
Бел айылынын тургуну Калыкулов Мурзакмат Асамидиновичтин арызын канаттандыруу жөнүндө
Бел айылынын тургуну Калыкулов Мурзакматтын жеке менчик 0,35 га жер аянтынын ичинен 0,17 га жер тилкесинин багытын өзгөртүп кафе,мончо курууга уруксат берүү боюнча Бел айылынын тургуну Калыкулов Мурзакмат Асамидиновичтин арызыя жана Ноокат райондук архитектра жана шаар курулуш башкармалыгынын 2019-жылдын 27-августундагы №161 Корутундусун угуп жана талкуулап , депутаттардын Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезексиз жыйырманчы сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Бел айылынын тургуну Калыкулов Мурзакмат Асамидиновичтин жеке менчик 0,35 га жер аянтынын ичинен 0,17 га жер тилкесинин багытын өзгөртүп,кафе,мончо курууга уруксат берүү жөнүндөгү арызы канаттандырылсын.
2. Калыкулов Мурзакмат Асамидиновичке жеринин багытын өзгөртүп токтом чыгарып берүү жагы Бел айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Жер аянтын натыйжалуу,сарамжалдуу өз багытында пайдалануу, салыктарды өз убагында төлөп туруу жагы Калыкулов Мурзакматка милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | БекботоевТ.М. |