Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 37/7
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин 2019-жылдын 15-октябрындагы билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу шайлоо участкаларына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүп берүү пандус жана кармагычтарды орнотууга 40,0 (кырк мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү акча каражаттарын мыйзам чегинде бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Жээнбеков Д
|