Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезексиз жыйырманчы сессиясы
2019-жылдын 28-августу №20-4
Айыл тургуну Курбаналиев Төрөкул Кадыровичке айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу”наамын беруу жөнүндөгү айылдык жыйындын 2019-жылдын 1-авгусутундагы протоколун бекитүү жөнүндө
Бел айыл аймагынын жараны,ишкер жигит Курбаналиев Төрөкул Кадыровичтин айыл элине жасаган алгылыктуу иштерин эске алып,ага айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” деген наамды берүү жөнүндөгү айыл калкынын 2019-жылдын 1-августундагы жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын)кезексиз 20-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл тургуну Курбаналиев Төрөкул Кадыровичке айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамын берүү жөнүндөгү айыл калкынын 2019-жылдын 1-августундагы жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Айыл тургуну ишкер жигит Курбаналиев Төрөкул Кадыровичке айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамы ыйгарылсын.
Төрага | БекботоевТ.М. |
1-август 2019-жыл Борбаш айылы
Чогулуш Борбаш айылынын стадионунда өткөрүлүп,ага 113 адам катышты.
Чогулушка катышкандар : Айыл аксакалдары,мектеп директорлору,балдар бакчаларынын башчылары,коомдук уюмдун башчылары,жаштар борборунун өкүлдөрү
Чогулушту Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары алып барды
1.Айыл тургуну Курбаналиев Төрөкул Кадыровичке айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамын берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча сөз Борбаш айылынын айыл башчысы Ураимов Медербек Абдикааровичке берилет.
Урматтуу жыйындын катышуучулары!
Күн тартибине коюлуп жаткан маселе өз убагында туура көтөрүлдү деп эсептеймин.Анткени өзүнүздөрдүн уулунуздар Курбаналиев Төрөкул Кадырович өзү кайсы жерде иштебесин айылдаштарынын көйгөйлүү маселелерин чечүүдө активдүү катышып келе жатат.Айрыкча айылдын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө жардамын берип,айыл тургундарына мечиттерди курууда,айыл жаштарын спортко тартууда алгылыктуу иштерди жасай алды. Быйылкы жылы Борбаш айылына заманбап акыркы үлгүдөгү волейбол аянтчасын куруп берип,жаштардын алкоосуна ээ болду. Ушул жылдын акырына чейин футболдук аянтчаны бүтүрүп берүүгө аракет жасап жатат. Бул жолдоштун айыл тургундарына көрсөтүп жаткан жардамдарынын саны өтө көп.Мен бул жолдоштун жасаган иштерине баа берип айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу”деген наамды берүүнү туура көрүп жатамын.
2.Сөз аксакалдар кенешинин төрагасы Бегматов Абдыгапырга берилет.Жолдоштор Төрөкулду айылтын тургуну катары жакшы билемин.Элге берип жаткан жарадамдары боюнча айыл элинин кабары бар.Жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып,зарыл болгон шарттарды түзүп берүүгө көп аракеттерди жасап келе жатат. Спортко кывзыккан баланын жаман иштерди жасоого убактысы болбойт,жаштар арасында кылмыштуулуктун саны азаят. Мен да айтылган сунушту толугу менен кубаттаймын.
3. Сөз Минбаев Абдыракманга берилет- ардагер.
Жолдоштор! Мен Төрөкулдун атасы менен көп жыл бирге иштегенмин.Төрөкул да атасын тартып эмгекти сүйгөн,айткан сөзүнө бек турган инсан болуп,айылдын жашоочуларына жакындан жардам берип жолдорду оңдоого,салынып жаткан мечиттерге,спорттук аянтчаларга колдоо көрсөтүп келе жатат. Бул өз жерин,элин сүйгөндүктүн белгиси.Жакшы маселе көтөрүлүптүр,мен да колдоймун.Адамдын жасаган эмгегин баалай билүү ар бир адамдын парзы.
4.Сөз айылдык кенештин төрагасы Бекботоев Тыныбек Мурзаевичке берилет.
Урматтуу жыйындын катышуучулары колунда бар болсо деле мындай демөөрчүлүк кыла берүү ар кимдин колунан келе бербейт.Мен Төрөкул Кадыровичтин спорт тармагына өзгөчө көнүл бөлүп,жаштарга шарт түзүп берип жаткандыгын баса белгилеп кетким келет Спортко кызыккан балдарды өстүрүп,келечекте айылдан ардактуу атуулдарды аренага чыгарууга кызыгып келе жатат.Мындай азаматтарга алкыштан башка айтаарыбыз жок.
5.Сөзгө чыгышкан айыл тургундары Махмудов А, Сапаров А,Тагаев К,Жолдошова М,Аширбаева Д,Жумаева А чыгып сүйлөгөн жолдоштордун сунушун бир добуштан колдошту.
Жогоркулардын негизинде айыл тургундарынын жалпы жыйыны
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Айыл тургуну Курбаналиев Төрөкул Кадыровичке айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Жалпы жыйындын протоколун бекитип берүү жагы депутаттардын Бел айылдык Кенешинин сессиясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Борбаш айылынын айыл башчысы М.Ураимовго жүктөлсүн.
Токтомду колдоп 113 жаран каршы-калыс –жок.
Чогулуштун төрагасы М.А.Каратаев.
Чогулуштун катчысы М.А.Ураимов.