Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-октябры № 560
Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер министр | М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
“41. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоодо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгарууга документтерди кабыл алышат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
- 6-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктундагы “же сотко” деген сөздөр “административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10. Ыйгарым укуктуу орган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоодо, кайра каттоодо, эсептен чыгарууда төмөнкү иш-аракеттерди жүргүзөт:
- транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга менчик укугун каттайт;
- транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттайт, кайра каттайт жана эсептен чыгарат;
- транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ээликтен ажыратуу боюнча келишимдерди күбөлөндүрөт;
- транспорт каражатынын паспортун, техникалык паспортту жана транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү берет, ошондой эле жоголгон, пайдаланууга жараксыз жана жарактуу мөөнөтү аяктаган күбөлүктөрдү алмаштырат;
- транспорт каражаттарына тийиштүү типтеги мамлекеттик каттоо белгилерин аныкталган кезектүүлүк боюнча берет, ошондой эле жоголгондордун жана пайдаланууга жараксыздардын ордуна башкасын берет;
- ушул Эрежелерде белгиленген тартипте каттоо документтеринде каттоо маалыматтарын өзгөртөт;
- электрондук маалыматтар базасын жүргүзөт;
- транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кароодон өткөрөт, электрондук маалыматтар базасына киргизүү үчүн транспорт каражатын кароонун актысын түзөт, зарылдыгына жараша транспорт каражатын, түзүлүштү жана жабдууну жалгыз кароо актысын берет;
- каттоо үчүн чыгаруу менен байланышкан бажы операциялары аяктагандан кийин документтердин түп нускалары жоголгон учурда бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтердин көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө корутунду чыгарат;
- түйүндөрдүн жана агрегаттардын номерленишинде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүгө корутунду чыгарат;
- жеке мүнөздөгү маалыматтар жана мамлекеттик сырлар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлгөн каттоо иш-аракеттери, катталган транспорт каражаттары (номердик агрегаттар), түзүлүштөр жана жабдуулар, ошондой эле менчик ээлери же менчик ээлеринин атынан каттоо иш-аракеттерин жүргүзгөн адамдар жөнүндө маалым каттарды (электрондук маалыматтар базасынан көчүрмөлөрдү) берет;
- жеке мүнөздөгү маалыматтар жана мамлекеттик сырлар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жараксыздоодо сатуу үчүн номердик түйүндөргө жана агрегаттарга маалым каттарды берет;
- айдап качкан жана уурдалган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсепке алат (электрондук форматта);
- электрондук маалыматтар базасы аркылуу транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды айдап качуу, уурдоо же алардын издөөдө тургандыгы боюнча салыштырып текшерет;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик жана жарандык-процесстик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле банктык жана күрөөлөр боюнча башка уюмдардын сунуштамалары боюнча транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата тыюу салуулар жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизет;
- зарыл болгон учурда электрондук маалыматтар базасына, ошондой эле өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо документтеринин “өзгөчө белгилер” графасына автотранспорт каражатын ээликтен ажыратууда же пайдаланууга берүүдө жана Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекеттеринин аймактарында аны тескөөдө бажы органынын уруксатын алуу зарылдыгы жөнүндө маалыматты киргизет;
- ушул Эрежелерге жана архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген нускамаларга ылайык башка иштерди аткарат.”;
- 11-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Транспорт каражатынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо документтерин берүү тартиби:
- жеке адамдарга таандык автомототранспорт каражаттарына транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк, ошондой эле автомототранспорт каражатынын менчик ээсинин каалоосу менен – транспорт каражатынын паспорту берилет;
- юридикалык жактарга таандык автомототранспорт каражаттарына транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк, ошондой эле автомототранспорт каражатынын менчик ээсинин каалоосу менен – транспорт каражатынын паспорту берилет;
- жеке жана юридикалык жактарга таандык ӨТМге, тракторлорго техникалык паспорт берилет;
- жеке жана юридикалык жактарга таандык түзүлүштөргө жана жабдууларга техникалык паспорт берилет.
Өзү жүрүүчү технологиялык машиналардын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо документтеринин үлгүлөрү архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.”;
- 16-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Жеке жактардын транспорт каражаттары, түзүлүштөрү жана жабдуулары алардын идентификациялык жеке номери (мындан ары – ИЖН) боюнча жана электрондук маалыматтар базасында көрсөтүлгөн жашаган жери боюнча, ал эми юридикалык жактардыкы - жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн алардын идентификациялык салык номери боюнча катталат. Менчик ээсинин арызы боюнча ӨТМди, тракторлорду, чиркегичтерди алардын жайгашкан жери боюнча каттоого жол берилет.”;
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пунктунда:
экинчи абзацындагы “кошо ээлик кылуучу” жана “каттоо документинин өзгөчө белгилерине” деген сөздөр тиешелүү түрдө “кош менчик ээси” жана “электрондук маалыматтар базасына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Электрондук маалыматтар базасында кош менчик ээси жөнүндө маалыматтар болгон учурда транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсептен чыгаруу же кайра каттоо кош менчик ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүргүзүлөт.”;
- 19 жана 20-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо паспортунун жана визасынын (жарактуу мөөнөтү алты айдан кем эмес болгон) же чет өлкөлүк жарандын жана жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастоочу документинин же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же болбосо калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талонунун) негизинде жүргүзүлөт.
20. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга транспорт каражаттарын каттоо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген документте көрсөтүлгөн алардын жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:
“211. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун анын каттоо документтерине жана менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге шайкеш келүүсүнө карата сыртынан кароо жүргүзүлөт.
Берилген каттоо документтеринде, мамлекеттик каттоо белгилеринде жасалмалоо белгилери, жасап чыгаруучу уюмдар тарабынан транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга коюлган маркалоонун өзгөрүшү же аны жок кылуу, агрегаттардын номерлери берилген каттоо документтерине дал келбестиги аныкталганда, транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар, номердик агрегаттар издөөдө экендиги же берилген документтер жоголгону жана уурдалганы жөнүндө маалыматтар болгондо - мындай каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери ыйгарым укуктуу орган тарабынан кармалат жана каттоо иш-аракеттери токтотулат, ошондой эле тийиштүү билдирүү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн ыкчам тартипте (бир иш күндүн ичинде) жиберилет.”;
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“22. транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды алгачкы каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр берилет:
- идентификациялык жеке номер (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону);
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (юридикалык жактар үчүн);
- Кыргыз Республикасына ташып киргизилген транспорт каражаттарын алгачкы каттоо үчүн - транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын чыгарылышын ырастоочу документтер же товарларга декларациялар (мындан ары - ТД);
- Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекети болуп саналбаган мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына ташып киргизилген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Сертификаттоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториясы (диагностикалык борбору) тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк;
- даярдоочу заводдун чыгаруу сертификаты, инвойс, транспорт каражатынын паспорту, чет мамлекеттин техникалык паспорту же ташып киргизилген өлкөнүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан транспорт каражатынын эсептен чыгарылганын ырастаган документ, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы жана каттоо иш-аракеттери үчүн негиз болгон башка документтер;
- даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген эсеп-маалым каты же эсеп-фактурасы; Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же транспорт каражатына, түзүлүшкө же жабдууга, номердик агрегатка менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документ;
- Кыргыз Республикасынын сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери;
- каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары;
- арыз ээси түздөн-түз кайрылганда электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысы. Транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет.
Актынын жарактуулук мөөнөтү – Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт;
- документтердин түп нускалары жоголгон учурда, бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга документтердин берилген көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
- транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же “ТРАНЗИТ” каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташып келинген транспорт каражаттары катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери.
Алгачкы каттоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган транспорт каражатынын электрондук паспорту болбогон учурда, Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасына ылайык электрондук паспортту түзөт.”;
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“24. Кайра каттоо үчүн ыйгарым укуктуу органга транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери төмөнкүлөрдү беришет:
- идентификациялык жеке номерди (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номерин (юридикалык жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспортун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксатты же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
- жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанцияны, төлөм тапшырмасын же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документти;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (юридикалык жактар үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтерин;
- транспорт каражатына, түзүлүшкө же жабдууга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерди;
- зарыл болгон учурда - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатын;
- кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанцияларын;
- арыз ээси түздөн-түз кайрылганда электрондук маалыматтар базасына киргизилүүчү транспорт каражатын, түзүлүштү же жабдууну кароодон өткөрүү актысын. Транспорт каражатын, түзүлүштү жана жабдууну көрсөтүүгө тоскоолдук жараткан жагдайлар болгон учурда, транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун турган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан түзүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн аны кароодон өткөрүү актысын берүүгө жол берилет.
Актынын жарактуулук мөөнөтү – Кыргыз Республикасынын аймагында 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт;
- түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлеринде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусун;
- транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же “ТРАНЗИТ” каттоо белгилерин.
Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формада сатып алуу-сатуу келишими үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бирине бир нускадан жана ыйгарым укуктуу орган үчүн бир нуска.
Мында кыймылдуу мүлккө салык салыктык мезгилде бир жолу төлөнөт. Кыймылдуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү салык төлөөчү салыктын суммасын төлөгөн шартта салыкты экинчи жолу төлөө үчүн негиз болуп саналбайт.
Эгер кыймылдуу мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүдө салык төлөөчү тарабынан учурдагы жылга мүлккө салык төлөнбөсө, анда укуктарды мамлекеттик каттоого же кайра каттоого чейин салыктын суммасын макулдашуу боюнча тараптардын бири республикалык бюджетке төлөөгө тийиш. Ошол эле жылы ушул кыймылдуу мүлккө менчик укуктарын кийинки мамлекеттик каттоодо жана кайра каттоодо мүлккө салык төлөнбөйт.”;
- 28 жана 30-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 31 жана 32-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“31. Мурда салынган тыюулар жана чектөөлөр Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик жана жарандык-процесстик мыйзамдарына ылайык, ошондой эле банк мекемелеринин, кредиттик-финансылык уюмдардын, күрөө келишимдерин күбөлөндүргөн нотариустардын каттары боюнча, ошондой эле күрөөлөрдү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кабарлоолорунун негизинде алып салынат.
32. Төмөнкү транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата каттоо иш-аракеттери жүргүзүлбөйт:
- мүлккө карата камакка алуу же чектөө коюу жөнүндө чечим болгондо;
- нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлбөгөн белекке берүү келишимдери боюнча берилгендер, ошондой эле ээликтен ажыратуу укугусуз ишеним кат боюнча колдонууга берилгендер;
- ушул Эрежелердин 22 жана 24-пункттарында каралган документтердин тизмеги толук эмес берилгенде;
- конструкциясы же конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасында колдонулган жол кыймылынын коопсуздугу бөлүгүндөгү эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын талаптарына же берилген документтерге шайкеш келбесе;
- өзү жүрүүчү технологиялык машиналардан тышкары, запастык бөлүктөрдөн жана агрегаттардан куралгандар же жараксыздалгандардын ичинен кайра калыбына келтирилгендер;
- “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган диагностикалык борборлордо сертификаттоодон өтпөгөн, өз алдынча жасалган же кайра жабдылган автотранспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар;
- карандаш менен жазылган же кырып өчүрүлгөн же болбосо кошуп жазылган, чийилген сөздөр, ошондой эле сүйлөшүлбөгөн оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери түшүнүктүү жана так, жарандардын аты-жөнү алардын жашаган жерин көрсөтүү менен толук, юридикалык жактардын аталышы кыскартуусуз, юридикалык даректерин так көрсөтүү менен жазылууга тийиш). Мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилген документтердин, ошондой эле каттоо бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү каттоо жана башка документтердин көчүрмөлөрү (анын ичинен фотокөчүрмөлөр жана жарык көчүрмөлөрү) түп нускаларды алмаштыра албайт;
- жарандардын жана уюмдардын арызы боюнча айрым учурларда ыйгарым укуктуу органдын, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия карап чыгып, мурда жараксыздалган транспорт каражаттарын каттоо боюнча корутунду чыгара алат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн транспорт каражаттарын кайра каттоого берүүдө;
- транспорт каражаты издөөдө турганда;
- Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу мамлекеттик системасы тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы транспорт каражаттары үчүн шайкештик сертификаты жок болгондо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тизмеги белгиленген каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер берилгенде;
- Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан коюлган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун натыйжасында транспорт каражатын идентификациялоо мүмкүн болбогондо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен каттоо документтеринде көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркалоосунун идентификациялык белгиси бар конструкциясынын түзүмдүк бөлүгүн алмаштырууда.”;
- 35-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“35. Ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан берилүүчү ӨТМге, түзүлүштөргө жана жабдууларга каттоо документтери ошол бөлүнүштүн ыйгарым укуктуу адамынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.”;
төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын:
“35-1. Каттоо документтерин, ошондой эле мамлекеттик каттоо белгилерин алуу фактысы катталган транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын реестринде менчик ээсинин же транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ишеним каттын негизинде менчик ээсинин атынан колдонгон жана (же) тескеген адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт.”;
- 36-пунктундагы “мамлекеттик жана” деген сөздөр “мамлекеттик же” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 40-пунктундагы “БКО жана” деген сөздөр алып салынсын;
- 46-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 48 жана 49-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“48. Кыргыз Республикасында 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу жүргөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаты, каттоо документи (каттоо талону) бар чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн транспорт каражаттарына ак фондо аткарылган, “Р” сериясындагы мамлекеттик номердик белгилер берилет.
49. Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте ачылган чет өлкөлүк фирмалардын, банктардын, авиакомпаниялардын жана башка уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле ушул өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашаган, калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаты, каттоо документи (каттоо талону) бар чет өлкөлүк жарандарга таандык транспорт каражаттарына - ак фондо аткарылган, “М” сериясындагы мамлекеттик каттоо белгилери берилет.”;
- 52-54-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
52. Автомототранспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар кайра жабдылган учурда алардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- ушул Эрежелердин 24-пунктуна ылайык документтердин;
- жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген коопсуздук талаптарынын өзгөртүүлөрү менен транспорт каражатынын конструкциясынын шайкештиги тууралуу күбөлүктүн;
- техникалык тейлөө станциясы, автооңдоо заводу же кайра жабдууну жүргүзгөн башка уюм тарабынан берилген транспорт каражатын кайра жабдуу жөнүндө актынын;
- менчигинин түрүнө карабастан сатууга укуктуу дүкөн же техникалык тейлөө станциясы тарабынан берилген жаңы орнотулган кузовго эсеп-маалым каттын же эсеп-фактуранын, нотариалдык тартипте же ыйгарым укуктуу органдын каттоо бөлүмүнүн кызматкери тарабынан күбөлөндүрүлгөн аларга менчик укугун өзгөртүү боюнча келишимдердин;
- юридикалык жактын кайра жабдуу жөнүндө тиешелүү буйругунун (юридикалык жактар үчүн).
Моделин өзгөртүү менен кайра жабдылган транспорт каражатынын, түзүлүштүн же жабдуунун каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө менчик ээсине жаңы моделин, кузовдун жана шассинин номерлерин көрсөтүү менен каттоо жөнүндө жаңы күбөлүк берилет.
53. Түсү өзгөргөн учурда автомототранспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- ушул Эрежелердин 24-пунктуна ылайык документтердин;
- түстү өзгөрткөн техникалык тейлөө станциясынын маалым катынын.
54. Агрегаты алмаштырылган учурда автомототранспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), юридикалык жак идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- ушул Эрежелердин 24-пунктуна ылайык документтердин;
- агрегатты Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жөнүндө ырастоочу документтин же агрегатты жараксыздоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын маалым катынын.”;
- 56-59-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“56. Транспорт каражатынын менчик ээсинин фамилиясы, аты жана атасынын аты өзгөргөн учурда транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспортунун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
- транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо документтеринин;
- нике тууралуу күбөлүктүн же аталган өзгөрүүлөргө байланыштуу жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан менчик ээсине берилген башка документтердин.
57. Региону жана транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо белгиси өзгөрбөстөн менчик ээсинин (жеке жактын) жашаган жери өзгөргөн учурда транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспортунун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
- транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун каттоо документтеринин.
58. Региону өзгөрбөстөн юридикалык жактын аталышы же дареги өзгөргөн учурда транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун каттоо документтеринин;
- юридикалык жакты каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюштуруу келишиминин жана/же уставдын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн;
- автомототранспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө юридикалык жактын буйругунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн.
Юридикалык жактын аталышынын же дарегинин же менчик ээсинин жашаган жеринин өзгөрүүсү каттоо жөнүндө күбөлүктө чагылдырылат жана каттоо документин алмаштыруу менен электрондук маалыматтар базасына киргизилет.
59. Мамлекеттик каттоо белгиси өзгөргөн учурда транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн);
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспортунун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
- идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уюштуруу документтеринин (юридикалык жак үчүн) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каттоо документтеринин;
- транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтердин;
- атайын бланктык продукция (зарыл болгон учурда) жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн квитанциялардын.”;
- 61-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“61. Автотранспорт каражатынын жоголгон же уурдалган бир мамлекеттик каттоо белгисин төмөнкүлөрдүн негизинде кайра калыбына келтирүүгө жол берилет:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспортунун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
- тийиштүү каттоо документтеринин;
- автотранспорт каражатынын каттоо белгиси жоголгон жери боюнча же автотранспорт каражатынын жайгашкан жери боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан берилген маалым каттын;
- мамлекеттик каттоо белгисин кайра калыбына келтирүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана мамлекеттик каттоо белгисин калыбына келтирүү же алмаштыруу жөнүндө буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн (юридикалык жактар үчүн).”;
- 62 жана 66-пункттардагы экинчи сүйлөм алып салынсын;
- 65-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“65. Транспорт каражатынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын жоголгон же уурдалган каттоо документтерин төмөнкүлөрдүн негизинде кайра калыбына келтирүүгө жол берилет:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын – паспортунун (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспортунун же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксаттын же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документинин (каттоо талону), буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурлар кирбейт;
- болгон тийиштүү каттоо документтеринин;
- каттоо документтерин кайра калыбына келтирүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уюштуруу документтеринин жана каттоо документтерин кайра калыбына келтирүү жөнүндө буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн (юридикалык жактар үчүн).”;
- 67-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“67. Жараксыз абалдагы каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери төмөнкүлөрдүн негизинде алмаштырылат:
- идентификациялык жеке номердин (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номеринин (юридикалык жак үчүн);
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыздын;
- менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда юридикалык же жеке жактын атынан кайрылуу укугуна ишеним каттын;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;
- тийиштүү каттоо документтеринин же мамлекеттик каттоо белгилеринин;
юридикалык жактар үчүн төмөнкүлөрдүн негизинде:
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана мамлекеттик каттоо белгисин же каттоо документтерин алмаштыруу жөнүндө буйруктун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн;
- мамлекеттик каттоо белгисин же каттоо документтерин кайра калыбына келтирүү үчүн акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын.”;
- 76-пунктунун экинчи абзацындагы “каттоо документтерине зарыл болгон жазууларды киргизүү менен өзүнчө журналда жана өзүнчө картотекада” деген сөздөр “каттоо документтерине зарыл болгон жазууларды киргизүү менен электрондук маалыматтар базасында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9. Катталган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү
жана жабдууларды электрондук эсепке алуу
77. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттерин жүргүзүүдө уникалдуу идентификациялык номери ыйгарылат, алар жөнүндө бардык зарыл болгон маалыматтар электрондук маалымат базасына киргизилет.
Түшкөн атайын бланктык продукцияны (мамлекеттик каттоо белгилерин, каттоо документтерин) сандык эсепке алуу электрондук маалымат базасында жүргүзүлөт.
Мамлекеттик каттоо белгилерин, каттоо документтерин чыгымдоону эсепке алуу транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды эсепке алуу журналында жүргүзүлөт, анда берилген каттоо документтеринин жана мамлекеттик каттоо белгилеринин сериялары жана номерлери катар номерлер боюнча гана жазылат.
Толтурууда жарабай калган каттоо документтеринин бланктары, аларды экинчи жолу колдонуу мүмкүндүгүн болтурбоочу каражаттар жана ыкмалар менен жок кылынат, бул жөнүндө тийиштүү актыларды комиссия түзөт, аталган комиссиянын курамын архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук маалымат базасында айдап качкан жана уурдалган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жөнүндө маалыматтар эсепке алынат, алар түшкөн маалыматтарды эске алуу менен дайыма оңдолуп турат.
Картотекага жана мамлекеттик каттоо белгилеринин жана каттоо документтеринин бланктарын сактоо бөлмөсүнө чоочун адамдардын кирүүсүнө катуу тыюу салынат.”.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
- 4-пунктунда:
биринчи абзацы “категориядагы” деген сөздөн кийин “жана (категориячадагы)” деген сөздөр менен толукталсын;
13-пунктчасындагы “категориясындагы” деген сөз “(категориячасындагы)” деген сөз менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 14-пунктча менен толукталсын:
“14) “Т” – троллейбустар – жыйырма бир жашка толгон адамдарга.”;
- 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Тиешелүү категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиясы бар окуу уюмдарынын бирдиктүү окуу пландарына жана программаларына ылайык жүргүзүлөт.”;
- 8-пункту “категориялары” деген сөздөн кийин “(жана категориячалары)” деген сөздөр менен толукталсын;
- 11 жана 12-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Жарандардын каалоосу боюнча тиешелүү жаш куракка толсо жана зарыл болгон үзгүлтүксүз стажы болсо, практикалык сынак тапшырылгандан кийин айдоочулук күбөлүккө уруксат берүүчү белгилерди коюуга жол берилет, тактап айтканда:
1) “А” категориясына - “А1” жана “В1” категориячадагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
2) “В” категориясына – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы болгондо “А”, “А1”, “В1” жана “ВЕ” категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
3) “С” категориясына - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы болгондо “А”, “А1”, “В, “В1”, “С1” жана “ВЕ” категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
4) “С1” категориячасына - эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы болгондо “А”, “А1”, “В”, “В1” жана “ВЕ” категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
5) “D” категориясына – “С”, “С1” жана “D1” категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
6) “D1” категориячасына - “C”, “С1” категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
7) “СЕ” категориясына – “С1Е” жана категориячадагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет;
8) “DЕ” категориясына – “СЕ”, “С1Е” жана “D1Е” категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укук берилет.
12. Квалификациялык сынактарды тапшыруу үчүн талапкер төмөнкүлөрдү берет:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин;
- архивдик иш, калкты жана автотранспорттук каражаттарды, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттин саясатын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген формадагы арызды;
- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;
- берилүүчү датасы 12 айдан ашпаган, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүүдөн, психикалык саламаттыгын аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөнүн ырастаган документ;
- айдоочулардын курамын даярдаган жана кайра даярдаган окуу уюмдары тарабынан берилген бирдиктүү үлгүдөгү автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүк;
- айдоочулардын курамын даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы;
- айдоочулук күбөлүк (эгер мурда берилсе). Чет тилде түзүлгөн айдоочулук күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге которулган жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы тууралуу нотариустун, же мындай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу болгон башка кызмат адамынын күбөлөндүргөн кол тамгасы болушу керек;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.
“С”, “С1”, “D”, “D1”, “СЕ”, “С1Е”, “DЕ” жана “D1Е” категориядагы (жана категориячадагы) транспорт каражаттарын башкаруу укугуна кайра даярдалган учурда автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды бүтүргөнү жөнүндө күбөлүк берилет.
Адамды автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө маалыматтар болгондо бардык категориядагы автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилбейт.
Берилген документтердин түп нускасынан ыйгарым укуктуу органдын кызматкери кагазга түшүрүлгөн көчүрмөлөрүн ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сактоо үчүн чыгарат же автоматташтырылган маалыматтык системасында электрондук көчүрмөсү сканерленет.”;
- 16-пунктундагы биринчи абзац “айдоочулукка” деген сөздөрдөн кийин “, анын ичинен троллейбусту айдоого” деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пункту төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Теориялык сынакта алынган баа үч айга чейин жарактуу болуп саналат.”;
- 21-пункту төмөнкүдөй редакциядагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“Т” категориясында айдоо боюнча практикалык сынакты троллейбустардын айдоочуларын даярдаган окуу уюмдары троллейбустук башкармалыктын ыйгарым укуктуу органынын өкүлү менен бирдикте кабыл алат.”;
- 37 жана 38-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“37. Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн арыз берүүчү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө төмөнкү документтерин берет:
1) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин;
2) архивдик иш, калкты жана автотранспорттук каражаттарды, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды;
3) 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) же идентификациялык картаны - 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта);
4) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары;
5) Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн;
6) жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5х4,5 см өлчөмүндөгү түстүү эки фото сүрөтүн;
7) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны (төлөм тапшырмасын).
38. Кыргыз Республикасынын эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн ээсинин расмий өкүлүнө төмөнкүдөй документтер болсо, берүүгө жол берилет:
1) нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
2) өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүргөн документ;
3) ишеним берүүчүнүн колдонуудагы Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн түп нускасы;
4) ишеним берүүчүнүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карт) көчүрмөсү;
5) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
6) ишеним берүүчүнүн жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5х4,5 см өлчөмүндөгү эки түстүү фото сүрөтү;
7) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сактоо үчүн берилген документтердин түп нускасынан кагазга түшүрүлгөн көчүрмөлөрү чыгарылат же автоматташтырылган маалыматтык системада электрондук көчүрмөлөрү сканерленет.”;
- 43-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“43. Мурда берилген Кыргыз Республикасынын улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүнүн ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүү үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди берет:
1) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин;
2) архивдик иш, калкты жана автотранспорттук каражаттарды, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттин саясатын ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча арызды;
3) Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карт);
4) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
5) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
6) улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү (жоголгон учурда берилбейт);
7) айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстардан өткөндүгү тууралуу күбөлүктү.
Электрондук маалымат базасында маалыматтар болгондо күбөлүк берилбейт.
Окугандыгы жөнүндө күбөлүк жана электрондук маалыматтар системасында маалыматтар болбосо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет;
8) айдоочулардын курамын даярдаган окутуучу уюмдар тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасы.
Электрондук маалымат базасында маалыматтар болсо, айдоочунун өздүк карточкасы берилбейт.
Айдоочунун өздүк карточкасы болбосо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдан айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет.
Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сактоо үчүн берилген документтердин түп нускасынан кагазга түшүрүлгөн көчүрмөлөрү чыгарылат же автоматташтырылган маалыматтык системада электрондук көчүрмөлөрү сканерленет.”;
- 46-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 56-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“56. Чет мамлекеттин улуттук айдоочулук күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыруу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
1) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номери;
2) архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз;
3) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
4) Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документ, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
5) чет өлкөнүн улуттук айдоочулук күбөлүгү жана чет мамлекеттен берилген айдоочулук күбөлүктүн нотариуста күбөлөндүрүлгөн котормосу;
6) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы).
Чет өлкөлүк улуттук айдоочулук күбөлүктөр тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аркылуу чет өлкөлүк жаранга айдоочулук күбөлүк берилгендигин кат жүзүндө ырастоону алгандан кийин Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырылат.
Зарыл болгон документтерди бергенден кийин чет өлкөлүк жарандар практикалык сынак тапшырышат.”;
- 59-пунктундагы “квалификациялык” деген сөз “практикалык” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 61-пункту “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “, айдоочулук күбөлүк берилген датадан жана аяктаган датадан тышкары,” деген сөздөр менен толукталсын;
- 62-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 64-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“64. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган адамдар ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн төмөнкүлөрдү беришет:
- калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин;
- архивдик иш, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арызды;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын – паспортун (ID-карт);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – жарактуу визасы бар паспорт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жашап турууга уруксат же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралгандан башка учурларда;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өткөндүгүн ырастаган документти, аны берүүнүн датасы 12 айдан ашпоого тийиш;
- айдоочулук курамды даярдоочу окутуучу уюмдар тарабынан берилген автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарда окугандыгы тууралуу күбөлүктү.
Электрондук маалымат базасында маалыматтары бар болсо, күбөлүк берилбейт.
Окугандыгы жөнүндө күбөлүгү жана электрондук маалымат системасында маалыматтары жок болсо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдын айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документ берилет;
- айдоочулук курамды даярдоочу окутуучу уюмдар тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасын.
Электрондук маалымат базасында маалыматтары бар болсо, айдоочунун өздүк карточкасы берилбейт.
Айдоочунун өздүк карточкасы жок болсо, айдоочулук күбөлүктү берген аймактык органдын айдоочулук күбөлүктүн берилген күнүн, номерин жана реестрин көрсөтүү менен айдоочулук күбөлүктүн берилгендигин ырастаган документи берилет;
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны (төлөм тапшырмасы).
Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сактоо үчүн берилген документтердин түп нускасынын кагазга түшүрүлгөн көчүрмөлөрү чыгарылат же автоматташтырылган маалыматтык системада электрондук көчүрмөлөрү сканерленет.”;
- 67-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“67. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу үчүн негиз болуучу документтер (арыздар, эски айдоочулук күбөлүктөр, жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү жөнүндө документтер, окугандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, айдоочулардын өздүк карточкаларынын көчүрмөлөрү жана ким экендигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү) мөөнөтү чектелбестен сактоо үчүн электрондук маалымат базасында сканерленет.”;
- 68-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“68. Айдоочулардын өздүк карточкалары, окугандыгы тууралуу күбөлүктөр, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүнү ырастаган документ сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системада сканерленет жана бардык реквизиттер толтурулгандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө ээсине кайтарылат.
”
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-октябры № 560
Транспорт каражаттарын каттоо жана
айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер министр | М.Д.Абылгазиев |
| Тиркеме |
Транспорт каражаттарын каттоо жана
айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тартиби төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
“41. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоодо калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга идентификациялык жеке номерди ыйгарууга документтерди кабыл алышат.”.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)