Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясы
2019-жылдын 16-августу №118/18-27
Орловка шаарынын жана ага караштуу эки айылдын (Бордунский, Подгорное) башкы планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-август 2019-ж. №470 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” Токтомуна ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын мэри – Б.Чанчаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Орловка шаардын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын жана ага караштуу эки айылдын (Бордунский, Подгорное) башкы планын иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон көлөмүн аныктоого Орловка шаарынын мэриясына тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрөгасы | Д.С.Сарбаев |