ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясы
2019-жылдын 16-августу №120/18-27
“Кристалл” спорт комплексин капиталдык оңдоо артыкчылыктуу долбоорун таануу жана Кемин районунун өнүктүрүү фондуна кайрылуу(долбоорду) берү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын мэри- Б.Чанчаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Орловка шаарынын калкын социалдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу максатында,Орловка шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кристалл" спорт комплексин капиталдык оңдоо боюнча артыкчылыктуу долбоор деп эсептелсин.
2. Орловка шаарынын мэриясы, сметалык документтерге ылайык, Кемин районун Өнүктүрүү фондуна кайрылуу(долбоорду) даярдасын жана берсин.
3. Долбоор боюнча төмөнкү курамда демилгелүү жана мониторингдик топ бекитилсин:
1)Кудайбергенов А.Ш. – ТЖКБ башчысы
2)Шаршенбаев К. – Орловка шаарынын мэриясынын айдоочусу
3)Тентиев Т. – Кемин районунун Жаштар Кеңеши Коомдук Бирикменин төрагасы
4)Галиев Н.Ш. – ОШК депутаты
5)Алыбаев К.А. – ОШК депутаты
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрөгасы | Д.С.Сарбаев |