Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясы
2019-жылдын 16-августу №122/18-27
“Кемин Келечеги” коомдук фондунан бөлүнгөн акча каражаттарын таштандыларды тазалоо үчүн атайын автоунааны сатып алуу долбооруна бөлүштүрүү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ошондой эле Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровдун “Кемин Келечеги” коомдук фонду тарабынан акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Орловка шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кемин Келечеги” коомдук фондунан бөлүнгөн акча каражаттарын 1534,256 миң сом суммасында таштандыларды тазалоо үчүн атайын автоунааны сатып алуу долбооруна тең каржылоонун жетишпеген бөлүгүнө жумшалсын.
2. “Таштандыларды тазалоо үчүн атайын автоунааны сатып алуу” беренесине 1000,0 миң сом суммасындагы акча каражатын “жолдорду оңдоо” беренесинен жылдырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри – Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрөгасы | Д.С.Сарбаев |