ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын XVIII кезектеги сессиясы
2019-жылдын 16-августу №124/18-27
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим бекитүү
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 20 беренесине, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү Министрлигинин 29 июль 2019 жылдын №95 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим бекитүү” Буйрука ылайык, Орловка шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Г.Карагулованын маалыматын угуп, Орловка шаарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө берилген келишим бекитилсин (социалдык кызматкер).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровка жүктөлсүн.
Төрөгасы | Д.С.Сарбаев |