Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 37/8
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин 2019-жылдын 15-октябрындагы билдирүүсүн угуп, Гүлчө айылынын жамааттарында өткөрүлгөн жыйындардын протоколдоруна ылайык, айыл өкмөтүндөгү ички жолдорго асфальт төшөөнү аныктоо боюнча комиссиянын корутундусун, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айылынын Нарматов көчөсү менен А.Эрмекбаев көчөсүнүн кесилишинен төмөн карай Нарматов көчөсү менен М.Маматалиев көчөсүнүн кесилишине чейин, М.Маматалиев көчөсү Алымбек Датка көчөсү менен кесилишине чейин жалпы узундугу-750,0м болгон жолго асфальт төшөө боюнча Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсү канааттандырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д
|