Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын жыйырма алтынчы кезектеги
2019-жылдын 22-апрели №117
Күн тартибиндеги ар кандай маселелер боюнча жеке ишкер Молдоярова Дамира Батыркуловнанын арызын талкуулап, карап чыгып ОСОО “БелАли курулуш маркети”атындагы кум, шагыл карьерин ачуу үчүн Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма алтынчы кезектеги кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айылдык аймагынын КараБулак участкасынын №659 чөйрө сызыгынан ОСОО “БелАли курулуш маркети”атындагы кум,шагыл карьерин ачууга Молдоярова Дамира Батыркуловнанын арызын канааттандыруу үчүн 5га жер бөлүнүп берилсин.
2. Кум, шагыл карьер ачууга жер тилкесин бөлүп берүү жагы Талас райондук жер бөлүү комиссиясынан суралсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Жумалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | У.Алмолдоев
|