Загрузка документа…
ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын жыйырма алтынчы кезектеги
2019-жылдын 22-апрели №118
Күн тартибиндеги маселе боюнча Өмүралиев айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга карата жайыттарды жакшыртуу жана башкаруу жамааттык иш планын бекитүү максатында Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма алтынчы кезектеги кеңешмеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өмүралиев айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга карата жайыттарды жакшыртуу жана башкаруу жамааттык иш планы бекитилсин.
2. Бекитилген жайыттарды жакшыртуу жана башкаруу жамааттык иш планы менен иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Иманалиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.
Төрага | У.Алмолдоев
|