Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXXIII сессиясынын
2019-жылдын 29-августу №212/33-7
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.07.2019-жылдагы №263-р сандуу Буйругу, Талас шаардык мэриясынын 30.07.2019-жылдагы 01-6/1212 сандуу каты жана Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №7 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык масштабдагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын иш чаралары үчүн сметага ылайык жалпы 516,0 миң сом акча каражатын Талас шаардык мэриясына каралган беренелердин эсебинен убактылуу каржылоого макулдук берилсин жана жергиликтүү бюджеттин 9 айынын жыйынтыгы менен сарпталган сумма кайрадан толукталсын.
2. Талас шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт секторуна (Э.Чоноралиев) Талас шаарынын Э.Кутманалиев атындагы борбордук стадионго орнотулган “Ардак такта” курулуш иштери боюнча тендерден үнөмдөлгөн 36668 сом акча каражатын курулуштун тегерегине брусчатка төшөө үчүн жумшоого макулдук берилсин.
3. Талас каржы башкармалыгына (Ниязалив.Ж.М) жергиликтүү бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, тез арада каржылоо жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |