ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXXIII сессиясынын
2019-жылдын 29-августу №214/33-7
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишимин бекитүү жана үч штат социалдык кызматкерлерди алууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2019-жылдын 26-августундагы №01-5/1359 сандуу каты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы №888 сандуу токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдын 29-июлундагы №95 буйругунун негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 26.08.2019-жылдагы №7 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин жана ага ылайык, Талас шаардык мэриясына үч штат социалдык кызматкерлерди алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимдин негизинде кабыл алынган үч штат социалдык кызматкерлер менен мыйзам талаптарында иш алып баруу жагы Талас шаарынын вице мэрине (А.Куручбекова) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |