Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз XXXIII сессиясынын
2019-жылдын 29-августу №215/33-7
Талас шаарында таза суу жана канализация түйүндөрүн реаблитациялоо” долбоорун узартууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин 28.08.2019-жылдагы №16-1-2/104364 чыгыш сандуу каты жана “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 28.08.2019-жылдагы №01-15/292 сандуу кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Талас шаарында таза суу жана канализация түйүндөрүн реаблитациялоо” долбоорун 01.10.2020-жылга узартуу жана Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын шарттарын аткаруу максатында, Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасына (Э.Камчыбеков) долбоордун техникалык консультанттардын кызмат көрсөтүү акысы үчүн 35700 € же 2800,0 сом өздүк салым катары акча каражат булактарын табуу жана максаттуу пайдалануу үчүн, “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын уставынын 3.1 жана 3.5 пункттарынын негизинде иш алып барууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С .) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |