ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVI сесиясы (II чакырылышы)
2019-жылдын 29-июлу №106/24/27
Люксембург айыл өкмөтүнүн 2020-2022-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин орто мөөнөттүк болжол прогнозуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин негизинде жана 2020-2022-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин орто мөөнөттүк болжол прогнозун карап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылгы карата киреше жана чыгаша боюнча болжол прогнозуна 22243,3 миң сомго макулдук берилсин.
2. 2021-жылгы карата киреше жана чыгаша боюнча болжол прогнозуна 24268,3 миң сомго макулдук берилсин.
3. 2022-жылгы карата киреше жана чыгаша боюнча болжол прогнозуна 24264,3 миң сомго макулдук берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Кожонов
|