ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-июлу № 109/24/27
Скважинаны жер участогу менен сатып алуу жана Люксембург айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин Люксембург а., Железнодорожная көч., №75 жайгашкан скважинаны жалпы аянты 2047,5 кв.м. түзөн жер участогу менен сатып алуу жана Люксембург айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, “Эмгек-Люкс” муниципалдык ишканасынын диркторунун милдетин аткаруучусу Т.Мамытованын 27.07.2019-жылындагы арызын карап, ошондой эле “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасыныны Мыйзамынын 2,3,4,5,9 – беренелерине жана кыймылсыз мүлктү аныктоо боюнча 10.07.2019-жылдагы актысына ылайык, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтүнө Люксембург а., Железнодорожная көч., №75 жайгашкан скважина жалпы аянты 2047,5 кв.м. түзгөн жер участогу менен 700000 (жети жүз миң) сомго муниципалдык менчик кылып сатып алууга макулдук берилсин;
2. Люксембург айыл өкмөтү:
- Люксембург а., Железнодорожная көч., №75 жайгашкан скважина жалпы аянты 2047,5 кв.м. түзгөн жер участогу менен муниципалдык менчикке алуу үчүн тиешелүү документтерди даярдасын;
- муниципалдык менчик Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн;
- алынган скважина жер участогу менен Люксембург айыл өкмөтүнүн мүлктүк муниципиалдык менчик объектилеринин Реестрине киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөтүлсүн.
Төрага | А.Кожонов |