Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-июлу № 110/24/27
«Люксембург айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» намын ыйгаруу жөнүндө»
Люксембург айылдык кеңешинин депутаты Д.Толегоновдун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Люксембург айылынын тургундары Бермет Тенсалиевна Токончиевага, Арашан Самудиновага жана Эмиль Абдуллаевич Гамидовго «Люксембург айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап, ошондой эле Люксембург айылдык кеңешинин 18.12.2018-жылдагы №81/19/27 токтому менен бекитилген Ардактуу атуулу жөнүндө Жобосун негизинде, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл аймагына кошкон салымдары үчүн Люксембург айыл өкмөтүнүн Люксембург айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
-Бермет Тенсалиевна Токончиевага,
-Арашан Самудиновага,
-Эмиль Абдуллаевич Гамидовго
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөтүлсүн.
Төрага | А.Кожонов |