Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-июлу № 112/24/27
«Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун долбоору боюнча таштандыларды жыйноочу унаасын сатып алууга акча каражаттарды бөлүп берүүнүн зарылчылы жөнүндө»
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин Люксембург айыл аймагына таштандыларды жыйноочу унаасын сатып алууга акча каражаттарды бөлүп берүүнүн зарылчылы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылда “Таштандыларды жыйноочу унаасын сатып алуу” долбооруна макулдук берилсин.
2. Чүй облусунун өнүктүрүү фондунуна сметалык документтерге ылайык Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты кошуу кепилдиги менен өтүнүч кат жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Кожонов |