Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 37/9
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 37- отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын 2019-жылдын 15-октябрындагы билдирүүсүн угуп Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айылынын А.Уметалиев көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган аянты 450,0чарчы метр болгон жер тилкеси намазкана куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин..
3. Юридикалык документин даярдап берүү райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д
|