Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-июлу № 115/24/27
Акча каражаттарды бөлүп берүүнүн зарылчылы жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин Люксембург айыл аймагынын көчөлөрүнүн аталышы менен номурларды даярдоо үчүн жана Киршелк айылындагы парк аянтчасын курчоо үчүн акча каражаттарды бөлүп берүүнүн зарылчылы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл аймагынын көчөлөрүнүн аталышы менен номурларды даярдоо үчүн жана Киршелк айылындагы парк аянтчасын курчоо үчүн акча каражаттарды бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Люксембург айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы (Р.Абалбекова) жергиликтүү бюджетинин үнөмдөлгөн эсебинен Люксембург айыл аймагынын көчөлөрүнүн аталышы менен номурларды даярдоо үчүн 620 000 (алты жүз жыйырма миң) сом жана Киршелк айылындагы парк аянтчасын курчоо үчүн 700 000 (жети жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Кожонов |