Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-сентябры №3-1
2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө
2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндөгү маалыматтарынын негизинде, Ат-Башы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековдун 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д.Сулаймановдун 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн аткарган иштери жөнүндөгү маалымат эске алынсын.
Төрага | К.Асанбаева
|