Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
III сессиясы
2019-жылдын 09-сентябры №3-3
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2022-жылдарга карата болжолдуу долбоорлук ( прогноз, проект) сметасын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2022-жылдарга карата болжолдуу долбоорлук ( прогноз, проект) сметасын бекитүү жөнүндөгү Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл өкмөттүн ФЭБ нүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-2022-жылдарга карата болжолдуу долбоорлук ( прогноз, проект) сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Аталышы | Жылдар | ||
2020-ж | 2021-ж | 2022-ж | ||
1
| Жергиликтүү бюджеттин кирешелери -салык жана салык эмес жыйымдар -тендештирилген грант | 27199,2 24836,8 2362,4 | 29020,3 25853,9 3166,4 | 30316,8 26916,8 3400,0 |
2 | Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары | 27199,2 | 29020,3 | 30316,8 |
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ нүн башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Төрага | К.Асанбаева
|