Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
III сессиясы
2019-жылдын 09-сентябры №3-4
Ат-Башы айыл өкмөтүндө 2019-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражаттарынын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2019-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен үнөм болгон 280 700 сом ( эки жүз сексен мищ жети жүз) сом акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги үнөм болгон 280700сом акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
Карьерге уруксат алуу 11 000 сом;
Экологияга 50 000 сом;
Көрктүү аймак муниципалдык ишканасын кошумча каржылоо - 50 000 сом
Светофорго керектүү материалдар 55 000 сом;
Адвокат кызматына 50 000 сом;
Интернет коштуруу 30 000 сом;
Босого жайлоосунда мал тосууга 15 000 сом:
Трансформатор коштурууга уруксат алуу 19 700 сом,
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Төрага | К.Асанбаева
|