ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 37-отуруму
2019-жылдын 15-октябры № 37/10
Гүлчө айылындагы Жениш аянтына женил типтеги шахмат ойноочу жай куруу жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 37- отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн парк директору Б.Исмаиловдун 2019-жылдын 15-октябрындагы билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айылындагы Жениш аянтынан 0,65 м2 жер аянты шахмат ойноочу женил типтеги курулуш куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин..
3. Юридикалык документин даярдап берүү райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д
|