Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2019-жылдын 06-октябры №2
“2019-жылдын бюджетине республикалык бюджеттен берилген акча каражатына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Осоровдун маалыматын угуп жана талкуулап айылдык Кызыл-Үнкүр кенешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн 2019 жылдын бюджетинен республикалык бюджеттен үнөм болгон 1007,0 мин сом акча каражаты айыл өкмөттүн жаңы курулуп жаткан имараттын айланасын тосуу ошондой эле электр чордонун жана электр чубалгыларын тартууга ПСД нын негизинде чыгымдалсын.Бул акча каражатына КР «Мамлекеттик сатып алуулар» боюнча мыйзамынын негизинде тендер жарыялансын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссияна жана Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Осоровко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага | Жамгырчиев А. |