Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясынын
2019-жылдын 06-октябры №4
«Кызыл-Үнкүр токой чарбасынан трансформацияга которулган жер аянтына турак жай курууга уруксат берүүнүн тартиби жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-февралындагы № 119 токтомуна негиз Кызыл-Үнкүр айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын айылдарында жашаган тоголок жетимдерге, майыптарга, айылдык оорукананын дарыгерине,Ооган согушунун ,Баткен коогаланынын жана Чернобыль апаатынын катышуучусуна биринчи кезекте турак жай куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жагы айыл аймагынын турак жай куруу боюнча жер аянтын бөлүштүрүп берүү комиссиясына милдеттендирилсин.
2. Турак жай курууга жер аянтын сурап кайрылуу жазгандардын санынын көптүгүнө байланыштуу бир үй бүлөдө көп бүлөлүү жашаган үй- бүлөлөргө үйлөнгөн эки баласына гана турак жай курууга жер аянты берилсин.
3. Айыл аймагынын турак жай куруу боюнча жер аянтын бөлүштүрүп берүү комиссиясынын кароосунан өтүп,такталган тизмени сайтка жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Шавкановко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага | Жамгырчиев А. |