Загрузка документа…
ЛЕБЕДИНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-августу № 1
Лебединовка айылдык Кеӊеши, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынан келип түшкөн жер маселеси боюнча төмөнкү материалдарды карап чыгып, «КЫРГЫЗГИПРОЗЕМдин» 07.05.2018-жылдагы № 01-3/558 жыйынтыгынын, түшүндүрмө катынын, жердин экспликасиясынын, техникалык-экономикалык негиздемесинин, 2018-жылдын 5-июлундагы райондук комиссиянын тыянагынын, Аламүдүн райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын 25.07.2018-ж. № 01-4/00142 жыйынтыгынын, КР маданият, маалымат жана туризм министирлигинин 25.07.2018-ж. №04-3/3641 сандуу жыйынтыгынын, Лебединовка айылдык аймагында жайгашкан № 15 контурдагы аянты 1,2537 гектар жердин 0,26 гектары (курулуштар алдындагы жерлер), 0,9937 гектар (башка маанидеги жерлер) айыл чарба жерин бөлүп берүү планын, 24.04.2018-жылдын № 2018/16475 сатып алуу жана сатуу келишиминин, Ч № 789894 сериясындагы жер бөлүгүнө жеке менчик ээлигине укук берүү жөнүндө мамлекеттик актысынын, 2018-жылдын 11-майындагы уставдык капиталды уюштуруу жөнүндө келишиминин, ГПЮ № 0029905 юридикалык жакты кайра каттоо күбөлүгүнүн, «Айыл чарба жерлер» багытындагы жерлерди «Өндүрүш, транспорт, байланыш, коргоо жана башка маанидеги жерлер» категориясына которуу ««КГ Текстиль» ЖЧКсынын уставынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өнөр жай объектисин (текстильная фабрика) жайгаштыруу үчүн, Лебединовка айыл аймагындагы № 15 контурдагы жалпы аянты 1,2537 гектар, анын ичинен: 0,26 гектары (курулуштар алдындагы жерлер), 0,9937 гектар (башка маанидеги жерлер) категориясындагы жерлерди «Айыл чарба жерлер» багытынан «Өндүрүш, транспорт, байланыш, коргоо жана башка маанидеги жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул буюрманын аткарылышын көзөмөлдөө Лебединовка айыл өкмтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | К. Умурбаев
|