Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 28-августу №22
Баткен облустук олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин машыктыруучусу, Баткен шаарынын тургуну Нишанов Адбыгапырга «Баткен шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги V сессиясынын №6-5токтому менен бекитилген «Баткен шаарынын жамааттарынын мүчөлөрүнө «Шаардын ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндөгү бекитилген жобосуна жана Баткен шаардык Кеңешинин социалдык өнүгүү жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 17-августундагы отурумунун протоколуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн, дене-тарбия жана спорттун отличниги, шаардын спорт тармагын өнүгүүсү үчүн мыкты машыктыруучу, жаш машыктыруучулардын насаатчысы жана шаардын ар тараптуу коомдук иштердин активдүү катышуучусу, Баткен шаарынын тургуну Нишанов Абдыгапырга, шаардын аймагында спорт тармагына көрсөткөн көп жылдык ийгиликтүү зор салымы үчүн «Баткен шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
Төрага | А.Ташбеков |