Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 28-августу №23
Баткен шаардык жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндө 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 27-августундагы отурумунун протоколунун негизинеде Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын көчөлөрүнө жаңыдан коюлган ысымдарды жана номерлерди жасатуу, 2019-жылга каралган иш чаралардан үнөмдөлгөн каражаттан 3-кварталга, 2222-статьясына 168336,0 сом, 3-кварталдын 3112-статьясына 20000 сом бөлүнүп берилсин.
2. Муниципалдык менчик департаментинин 2019-жылдын 3-кварталына каралган 3111-«Имараттар жана курулмалар» статьясынан 315 000 сом кыскартылып, шаардык маданият бөлүмүнүн 2019-жылдын 3-кварталынын 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» статьясына, 100000 сом Талас жергесинде өтүүчү «Көчмөндөр оюндарына» катышу үчүн, 215000 сом Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгынын урматына чоң банерлерди жасоо үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Муниципалдык менчик департаментинин 2019-жылга каралган чыгымдарынын сметасынын 3 кварталынын 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» статьясынан 3607050 сом кыскартылып, төмөнкү статьяларга чегерилүүгө макулдук берилсин.
-3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясынан 2557050 сом, 3112 «Эмеректерди сатып алуу статьясына 550000 сом, 2222 «Муктаждыктарды сатып алуу статьясына 500000 сом, баары болуп 3607050 сом кошулуп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Буркановго/ тапшырылсын.
Төрага | А.Ташбеков |