Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-июну №27- 22/ 90
Айыл аймагы боюнча ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5- парелиндеги № 3 протоколдук тапшырманын 2-разделиндеги 3;9;11 пунктарын аткаруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл айымагына караштуу конуштуу айылдардын ичүүчү таза-суунун тарифи жан башына бир айга төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
• Арал,Чеч-Дөбө айылдарынын ичүүчү таза суунун тарифи 10 сом, ал эми жеке менчик короо жайга киргизилген суу үчүн 15 сом, орто мектеп,ФАП; ГСВга суунун акысы алынбасын.
• Кайыңды айылына - ичүүчү таза суунун тарифи 14 сом;
• Сары-Булак айылына - ичүүчү таза суунун тарифи 15сом;
• Нылды айылына - ичүүчү таза суунун тарифи 20сом; ал эми жеке менчик короо жайга киргизилген суу үчүн 25 сом.
2. Таза суунун башкы курулмаларын талапка ылайык көзөмөлдөө , айлана чөйрөсүн тазалоо,курчоо жана түнкү жарык менен камсыздоо, бекитилген тарифтер боюнча элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы ИСКАКБнын жетекчилерине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага | Б.Алымбаев
|