Редакцияот 06.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 12-июну №17

Долоно айылдык аймагынын «Долоно Сервис» ишканасынын жетекчисин шайлоо жөнүндө

Долоно айылдык аймагындагы муниципалдык менчикке кирген «Долоно Сервис» ишканасынын мурунку жетекчиси С. Дуйшалиев КР Эмгек Кодексинин 82-беренесинин негизинде жумуштан кеткендигине байланыштуу, жетекчисин кайрадан шайлоо боюнча талапкер Израилов Таалайбектин талапкерлигин карап, талкуулап чыгып Долоно айыл кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Израилов Таалайбек Азимбаевич «Долоно Сервистин» жетекчиси болуп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Боркеевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Кошоев