Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-марты №13
Долоно айыл кеңешинин VII чакыралышынын 33-сессиясы «Талас райондук таза суу» муниципалдык ишканасын уюштуруучу катары түзүү жөнүндө
Долоно айыл кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы №5 токтомунун негизинде, «Долоно айыл өкмөтү» мекемеси, катоо датасы 1996-жылдын 06-ноябры, каттоо номери № 10+463-3307-М-е, ИУЖК коду 04509781, ИСН 00302199510059, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Талас району, Таш-Арык айылы, Манас көчөсү №124, Боркеев Өмүрбек Сырдыбаевичтин башчылыгында;
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесинин жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинин негизинде Долоно айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Талас райондук таза суу» муниципалдык ишканасын түзүүгө Долоно айыл өкмөтү уюштуруучу катары катталууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Ө.Боркеевке жүктөлсүн.
Төрага | Б.Кошоев
|