Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну №14
Долоно айыл аймагындагы калктуу конушунун административдик чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 15-сентябрь 2016-жылдагы №176 буйругунун негизинде “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Долоно айыл аймагынын Таш-Арык, Орто-Арык, Ак-Жар калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Долоно айыл аймагынын Таш-Арык, Орто-Арык, Ак-Жар калктуу конушунун чек арасын тактоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Долоно айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Кошоев
|