Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-августу №22
Жеке менчик турак жайга соода сатык дүкөнүн куруу жөнүндө
Талас районунун Долоно айыл аймагынын Орто-Арык айылынын Осмонаалы көчөсүнүн № 73 үйүнүн тургуну Рыскулбеков Нурболот Кубанычбековичтин 2019-жылдын 19-августта жазган арызынын негизинде, Долоно айыл кеңеши карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Орто-Арык айылынын Осмоналы көчөсүнүн Рыскулбеков Нурболот Кубанычбековичке таандык өлчөмү 0, 30 га. жер участогунун ичинен 48 м.кв жер участогун соода сатык дүкөнүн курууга уруксат берилсин.
2. Жер участогуна керектүү долбоор иш кагаздары,типтүү- келишим түзүүсү Талас райондук архитектору жана шаар курулуш башкармалыгынын,кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан укук күбөлөндүрүүчү иш кагаздарын алынуусу Рыскулбеков Нурболотко эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө Долоно айыл өкмөтүнүн айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.С.Боркеевге тапшырылсын.
Төрага | Б.Кошоев
|