Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу №23
Кара-Суу айылдык аймагындагы Талас дарыясындагы күнгөй тарапка жана жайга кетүүчү көпүрөнүн оң жагын суу кермелеп кеткен түркүктү оңдоо жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Биримкуловдун Талас дарыясындагы күнгөй тарапка жана жайга кетүүчү көпүрөнүн оң жагындагы түркүктү суу кермелеп кеткендиги жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 36-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймагындагы күнгөй жана жайга кетүүчү көпүрөнүн оң жагын суу кермелеп кеткен түркүктү оңдоо түзөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Кара-Суу айылдык аймагындагы күнгөй жана жайга кеттүүчү көпүрөнү оңдоо иштерине өзгөчө күтүүсүз кырдаалдан каралган акча каражатынан 40 000(кырк миң) сом каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөт башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Кабылов |