Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-марты №77
Садыр аке айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 30,9га жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Жер комиссиясынын 2019- Садыр аке айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 30,9га жер аянтын аукциондун негизинде айыл аймактын калкына ижарага берүүгө кайрылуусун карап жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 30,9га жер аянты ижарага аукциондун негизинде 7 (жети) жылга берилсин
2. Баштапкы суммасы 800 (сегиз жүз) сом болуп бекилсин, ал эми биринчи кадамы 100 (жүз) сомдон башталсын.
3. АКФнын жерлерин ижарага берүүгө конкурс өткөрүү боюнча төмөндөгү курамда комиссия түзүлсүн:
1. Арунов Э.Б.- айыл өкмөтүнүн башчысы
2. Алымбаев К.Б.-айылдык кеӊештин депутаты
3. Акылбек уулу Н.- айылдык кеӊештин депутаты
4. Рашев У.Н.- айылдык кеӊештин депутаты
5. Ысык-Көл районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча)
6. Рашев Т.Д.- аксакалдар кеӊешинин төрагасынын орун басары
7. Аманкул кызы Г.- киреше боюнча адис
Төрага | А.Бозумбаев
|