Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 19-сессиясы
2019-жылдын 10-июлу №79
Карьер маселесин чечүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, Энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жылдын 01-августундагы № 05-9-ПД-0748-2018 “Григорьевка участкасында кум-шагыл аралашмасын иштетүү боюнча техникалык проектисинин” экспертизасынын корутундусунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын 2018-жылдын 27-июлундагы корутундусунун негизинде жана КР Транспорт жана жолдор Министрлигинин алдындагы жол чарба департаментинин №7 жол тейлөө мекемесинин 2019-жылдын 08-июлундагы № 152 катын карап жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 7 жол тейлөө мекемесине, 2018-жылы мыйзамдаштырылган жайыт жерине тиешелүү документтеринин негизинде “Григорьевка” участкасынан, Григорьевка айылындагы Ленин көчөсүнүн капиталдык ремонтуна кум-шагыл алууга макулдук берилсин.
2. Кум-шагыл алынгандан кийин тиешелүү карьердин ордун таштанды таштоочу жай (Свалка)уюштуруу жагы каралсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Т.Рашевге жана жайыт комитетинин төрагасы П.Жукка жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.Бозумбаев
|