Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 21-сессиясы
2019-жылдын 02-августу №82
А.Шатенов атындагы маданият үйүнүн максаттык багытын “Маданият, көркөм өнөр, спорт” багытына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 1-бөлүмүнүн, 1-главасынын 11,12-беренелеринин негизинде, Ысык-Көл райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жер тилкесинин функционалдык (максаттык) багытын өзгөртүү боюнча архитектуралык-техникалык корутундусун карап жана айыл өкмөт башчысы К.Рашевдин жерлерди категорияларга киргизүү жана бир категориядан экинчисине которуу боюнча маалыматын угуп жана талкууулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садыр аке айыл аймагынын Григорьевка айылынын Садыр аке жана Лихолетов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан А.Шатенов атындагы маданият үйүнүн максаттык багытын “Маданият, көркөм өнөр, спорт” багытына которууга макулдук берилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Т.Рашевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.Бозумбаев |