Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 21-сессиясы
2019-жылдын 02-августу №84
Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамын өзгөртүү жөнүндө
2018-жылдын 28-ноябрындагы Садыр аке айылдык кеӊешинин 27-чакырылышындагы кезексиз 16-сессиясындагы № 63 “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө” токтомун өзгөртүү максатында карап жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамындагы Рашев К.Т. Садыр аке айыл өкмөт башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу комиссиянын курамынан алынсын.
2. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамындагы Бозумбаев Н.Ч.- берген арызынын негизинде комиссиянын курамынан алынсын.
3. Калган 7-адамдан турган комиссия курамы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча тиешелүү иштерди алып барсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы К. Рашевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Бозумбаев |