Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 21-сессиясы
2019-жылдын 02-августу №85
2018-жылдагы № 36 токтомду жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 23-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» № 690 токтому менен 2017-жылдын 01-сентябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде калктуу пунктардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштыруу токтотулгандыгы байланыштуу айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садыр аке айылдык кеӊешинин 2018-жылдын январь айынын 15ги кезектеги 9-сессиясындагы «Григорьевка айылындагы Фрунзе көчөсүнө Медеров Нурмат Кыдырмышевичтин атын ыйгаруу жөнүндө» № 36 токтом жокко чыгарылсын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Т.Рашевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А.Бозумбаев |