САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 21-сессиясы
2019-жылдын 02-августу №86
Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2-3 пунктарына ылайык жана айыл өкмөт башчысы К.Рашевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык маселелер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча эки тараптуу келишим жактырылсын жана бекитилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы К. Рашевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Бозумбаев |